Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:45

Москвада мигранттар арасындагы кылмыштын алдын алуу талкууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада Кыргыз диаспорасынын Аксакалдар кеңешинин демилгеси менен мигранттар арасындагы кылмыштын алдын алуу маселеси талакууланды.

Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады. Маалыматка караганда, ага консул Манас Жолдошбеков, Москва шаарындагы жана Москва облусундагы кыргыз диаспора уюмдарынын жана коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү катышты. Алар Кыргызстандын жарандарынын катышуусундагы баңгизатка байланыштуу кылмыштарынын өсүшүнө тынчсызданууларын билдирип, алдамчылык аракеттери көп катталып жатканына көңүл бурушту.

Кеңешменин жыйынтыгында укук бузууга барышына жол бербөөгө багытталган биргелешкен профилактикалык иш-чаралар сунушталды.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Орусияда 1834 кыргызстандык ар кандай кылмыштарга айыпталып абакта отурат. Кылмыш жоопкерчилигине тартылгандардын көбү "уурулук" беренеси менен камалган. Арасында "киши өлтүрүү", "баңгизат ташуу" беренелери менен абакка түшкөндөр бар. Өтө оор кылмыштар менен 859, экономикалык кылмыштар менен 109, баңгизатка байланыштуу 327 адам абакта отурганын ИИМдин орун басары Нурбек Абдиев 20-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирген.

Расмий маалымат боюнча, азыр 1 миллиондон ашуун кыргызстандык Орусияда иштеп жүрөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG