Дайынсыз болуп жаткан эки бир туугандын сөөгү Талас дарыясынан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 19-июлда Манас районунун Покровка айылынын 16-18 жаштагы эки тургуну дайынсыз жоголгон.
Жоголгондорду издөөгө Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн беш куткаруучусу жана милиция кызматкерлери тартылып, кыздын сөөгүн дарыядан 20-июлда алып чыгышкан. Бир сааттан кийин ушул эле суудан агасынын сөөгү табылган.
Кыргызстанда сууга чөгүп кеткендердин саны соңку айдын ичинде кескин көбөйүүдө. 24-июнда Таласта бир күндө төрт өспүрүм сууга чөгүп каза болгон. ӨКМнин маалыматына караганда, өлкөдө жыл башынан бери 30 адам, ушул айдын башынан бери эле 20 жакын адам сууга чөгүп кеткен. Ушул күндөрү Кыргызстанда аба ырайы абдан ысып, күндүн температурасы 40 градуска чейин жетүүдө. (MKt)