Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:55

Чолпон-Атада Борбор Азиянын башкы дипломаттары жолукту


Чолпон-Атада Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйыны өттү. 20-июль, 2022
Чолпон-Атада Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйыны өттү. 20-июль, 2022

Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин кеңешмеси өттү.

Министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, жолугушууга Казакстан, Тажикстандын тышкы иштер министрлери Мухтар Тлеуберди, Сирожиддин Мухриддин жана Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов, Түркмөнстандын элчиси Шадурды Мередов катышты.

Жыйындын катышуучулары 21-июлда боло турган Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна даярдыктын жүрүшүн талкуулашып, саммиттин күн тартибин жана жыйынтыктоочу документтердин долбоорлорун бекитишти.

Бул өлкөлөрдүн башкы дипломаттары өз ара аракеттенүүнүн беш тараптуу, анын ичинде “Борбор Азия+” форматтарын мындан ары өркүндөтүү зарылдыгы жөнүндө пикир алышты.

Тараптар БУУ, ЕККУ, КМШ, ШКУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагында жемиштүү кызматташып, бул платформалардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүп жаткандыгын белгилешип, көп тараптуу форматтарда тыгыз кызматташууну улантуу ниетин билдиришти.

21-июлда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азиянын мамлекет башчыларынын Төртүнчү кеңешмеси өтөт. Бул жыйын чөлкөмдөгү үч өлкөдө адам өмүрлөрү кыйылган кандуу окуялардан кийинки, Түркмөнстандагы бийлик транзити жана Орусия Украинага кол салгандан кийин өтүп жаткан алгачкы кеңешме.

Иш-чара президент Садыр Жапаров үчүн көп сандагы чет элдик лидерлерди кабыл алган биринчи жолугушуу болот. Мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, жыйынга төрт президент - Касым-Жомарт Токаев, Эмомали Рахмон, Сердар Бердымухамедов жана Шавкат Мирзиёев келери күтүлүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG