Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:21

ICAO мажбурлап кондурулган учак үчүн Беларустун бийлигин айыптады


Ryanair компаниясынын учагы. Иллюстрациялык сүрөт.
Ryanair компаниясынын учагы. Иллюстрациялык сүрөт.

ICAO (International Civil Aviation Organization) – Эл аралык жарандык авиация агенттиги беларус бийлиги журналистти кармоо үчүн Минскиге мажбурлап кондурган Ryanair компаниясынын учагы боюнча иликтөөсүн жыйынтыктады.

Эксперттер бортто жардыруучу зат бардыгы тууралуу маалымат атайылап жалган айтылган жана экипажга мындай кабарлама “Беларустун бийлигиндеги жогорку кызматтык адамдардын буйругу менен берилген” деп тапты. Уюм мындай маалыматтын өзү рейстин коопсуздугуна коркунуч келтирген деген бүтүмгө келди.

Орусиянын агенттиктеги өкүлү иликтөөнүн корутундуларына макулдук берген жок. Эксперттердин отчёту БУУнун баш катчысы Антониу Гутерришке тапшырылат.

Беларуста жашап келген орусиялык София Сапега жана беларус журналисти Роман Протасевич былтыр 23-майда Афиныдан Вилньюска учуп бара жаткан Ryanair авиакомпаниясынын учагы Минск шаарына күч менен кондурулганда кармалган. Кийин ал экөө тең үй камагына алынган. Протасевич Беларусту 27 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенконун бийлигин сындап жүргөн жана соңку кездери Литвада баш калкалап келген.

Ryanair компаниясынын учагын бортто жарылуучу зат бар деген шылтоо менен Беларустун аскердик учагы мажбурлап кондурган. Андан жарылуучу зат табылган эмес.

Көпчүлүк өлкөлөр бул аракетти кескин айыптап чыгышкан. Анын ичинде Европа Биримдиги жана АКШ Беларуска каршы санкцияларды киргизген.

Эл аралык жарандык авиация агенттиги – БУУнун алдындагы жарандык авиациянын эл аралык нормаларын жөндөгөн жана анын коопсуздугун координация кылган адистештирилген мекеме болуп саналат. (ErN)

XS
SM
MD
LG