Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:44

Путин Ирандын жана Түркиянын президенттери менен жолугуу үчүн Тегеранга келди


Владимир Путин жана Режеп Тайып. Архивдик сүрөт.
Владимир Путин жана Режеп Тайып. Архивдик сүрөт.

Орусиянын лидери Владимир Путин Ирандын президенти Ибрагим Раиси жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугуу үчүн 19-июлда Тегеранга келди.

Сүйлөшүүлөрдө Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) украин дан азыктарын экспорттоону жандантуу сунушу жана Сириядагы жаңжалдар каралат деп күтүлүүдө. Путин мындан сырткары Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи менен кездешет.

Орусия менен Украинанын аскердик өкүлдөрү 13-июлда Түркиянын Стамбул шаарында жолугуп, согуштук кырдаалда токтоп калган дан экспортун жөнгө салуу маселесин биринчи отурумда сүйлөшкөн. Жолугушууга ошондой эле Түркиянын армиясынын жана БУУнун өкүлдөрү да катышкан. Ал сүйлөшүүлөр президенттердин кездешүүсүнөн кийин уланары айтылган.

Расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү Орусияны украин деңиз портторун басып алганы үчүн айыптап, муну дүйнөлүк рынокто дан азыктарынын бааларын көтөрүүгө жана товарлардын тартыштыгын жаратууга болгон аракет деп баалап келген. Украин аскерлери 31-июнда Змеиный аралынан орус күчтөрүн сүрүп чыккандан кийин Киев Кара деңиздеги кырдаалды көзөмөлдөп калды. Натыйжада Орусия Украинага кол салгандан бери чет элдик кемелер дан азыктарын жүктөп кетүү үчүн июлдун башында украин портторуна биринчи жолу келди.

Украина дан азыктарын экспорттоодо дүйнөдө төртүнчү орунда турат. 2021-жылы бул өлкө дээрлик 45 миллион тонна дан жана буурчак азыктарын башкаларга саткан.

Учурда Украинада 22 миллион тоннадай дан азыктары Орусия Кара деңизди бөгөттөп турганы үчүн сыртка чыгарылбай турат. БУУнун өкүлү Маурицио Мартина мурдараак Орусиянын Украинага кол салуусунан улам ачарчылыкка тушуккандардын саны мурдагыдан 18 миллионго көбөйүп, 218 миллионго жетерин эскерткен. (ErN)

XS
SM
MD
LG