Нарын облусунун Кочкор районунда аялын бычактоого шектүү адамдын сөөгү табылганын облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя кечээ 17-июлда Кочкор айылында болгон.
Милиция 43 жаштагы жергиликтүү тургун 33 жаштагы аялы менен уруша кетип, ага ашкана бычагы менен кол салганын айтууда. Денесинен жаракат алган келин Кочкор райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Көп өтпөй күйөөсүнүн сөөгү Кочкор районунун Токой чарбасына тиешелүү бакчадан “муунуп, асынган абалда” табылган.
Милиция ага күч колдонуу болбогонун билдирүүдө. Тергөө жүрүп жатат.
Бир күн мурда Бишкекте 38 жаштагы келинге мурдагы күйөөсү кол салганы аныкталган. 16 жолу бычак урулган келин оор абалда ооруканада жатат.
Ички иштер министрлигинин эсебинде, былтыр Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 10 миңден ашуун факт катталган.