Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:56

Өзбекстан: Конституция тууралуу талкуулардын мөөнөтү узарды


Конституцияны өзгөртүүгө байланыштуу Каракалпакстанда тоз-тополоң менен коштолгон нааразылык акциялары өткөн.
Конституцияны өзгөртүүгө байланыштуу Каракалпакстанда тоз-тополоң менен коштолгон нааразылык акциялары өткөн.

Өзбекстанда парламент (Олий Мажлис) Конституцияны өзгөртүүгө байланыштуу жалпы улуттук талкуулардын мөөнөтүн үчүнчү ирет узартты жана мындай иш-чаралар 1-августка чейин болот.

Баш мыйзамды өзгөртүү долбоору 25-июнда жарыялаган жана алгач коомдук талкууга 10 күн берилген. Бирок Каракалпакстандагы окуялардан улам Олий Мажлис анын мөөнөтүн дагы 10 күнгө узарткан.

Бул долбоор коомдук талкууга коюлгандан кийин эле Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстанда тоз-тополоң менен коштолгон нааразылык чыккан. Анда жергиликтүү тургундары Баш мыйзамдагы аймактын суверендүү макамы тууралуу беренелер сакталышы керектигин талап кылышкан.

Каршылык акцияларында күч кызматкерлери менен кагылышууда бери дегенде 18 адам мерт болуп, жүздөгөн киши жараат алган жана дагы 500дөн көп тургун камалган. Укук коргоочулар жана бозгундагы оппозиция өкүлдөрү курман болгондордун саны алда канча көп экенин айтышкан. Президент Шавкат Мирзиёев аймактын макамын өзгөртпөө тууралуу сунуш бергенин билдирген.

Евробиримдик, АКШ, Улуттар Уюму жана башка бир катар эл аралык уюмдар Ташкентти Каракалпакстандагы окуяларды бейтарап жана тыкыр иликтөөгө чакырган.

Азырынча Конституция тууралуу референдум качан болору тактала элек.

Чет жакта жүргөн өзбек талдоочулары жана оппозиция өкүлдөрү Мирзиёев "конституциялык реформа" деген жүйө менен президенттик мөөнөтүн узартууну көздөп жатканын айтып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG