Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:15

Тарыхтын баатыры да, курмандыгы да болгон генерал Ысакбек Монуев


Мирзохалим Каримов - "Даңк” медалынын ээси, кыргыз-тажик жазуучусу, белгилүү котормочу, публицист.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Ойдо, тоодо кайыӊ барбы,
Кыргыз балта чаппаган.
Кокту, белес, сайың барбы,
Кыргыз сөөгү жатпаган.


Быйыл Шинжаң элинин улуттук баатыры, кыргыздын биринчи генералы Ысакбек Монуевдин туулганына 120 жыл толот.

1930-1940-жылдары Шинжаңдагы улуттук-боштондук кыймылын жетектеген генерал-лейтенант 1902-жылы түштүк Шинжаңдын батышындагы Улуучат ооданынын Кош-Өтөк (илгери Жыгын, Сымкана деп да аталган) айылында жарык дүйнөгө келген.

Тарыхтын баатыры да, курмандыгы да болгон бул даңазалуу инсандын тагдыр таржымалын окуган ким эле болбосун бир жагынан төбөсү көккө жетип сыймыктанса, экинчи жагынан тереӊ кайгыга батары талашсыз.

Октябрь революциясы жеңип, Совет бийлиги орногондон кийин, жаңы түзүлүштү кулатууну көздөгөн кара ниет басмачылардын топтору Шинжаңдын түштүк тарабындагы тоолордун арасына качып өтө башташкан.

Баскынчылык кылмыштарын Совет-Кытай чек арасында да улантып, элге тынчтык бербей, кедей-кембагалдардын мал-мүлктөрүн талап-тоногон. Мындай зордук-зомбулукка кыжыры кайнаган баатыр мүнөз кыргыз жигити Ысакбек коңшулаш эки өлкөнүн тең коопсуздугун сактоого бел байлап, өз айылындагы кыргыз жаштарынын катарынан ыктыярдуу отряд түзгөн. Эл-жерин канкор басмачылардын зордук-зомбулугунан коргогону жогору бааланып, эл арасында эр жүрөк аскер ишмер катары тааныла баштайт.

Ысакбектин отрядына 1934-жылы Советтер Союзу тараптан да ыктыярдуулар келип кошулган. Мурдагыдан да кубаттуу отряддын даңазасы ошондон кийин бүткүл провинцияга тарап кеткен. 1935-жылы аталган отряддын негизинде "Кыргыз кавалерлер полку" түзүлүптүр.

Ысакбек Монуев кийинчерээк Советтер Союзундагы аскердик окуу жайларда окуган. Согуштук-теориялык билимин өркүндөтүп, армиянын тактикалык тажрыйбаларын өздөштүргөн. 1937-жылы ага бригаданын генералы наамы ыйгарылган.

1944-жылы жай мезгилинде Кытайдын Иле округунда революциячыл-демократиялык кыймыл жанданганда аскердик билими да, тажрыйбасы да мол генерал аймак көтөрүлүшүндө (Иле, Алтай, Тарбагатай) улуттук армияга командирлик кылган. Анын кыраакылыгынын, аскердик күчтү билгичтик менен пайдалана алгандыгынын натыйжасында көтөрүлүшчүлөр Кулжа калаасындагы жана үч аймактагы бийликти гоминданчылардан тартып алган.

1944-жылы 12-ноябрда Кулжа шаарында үч аймактын убактылуу өкмөтү түзүлгөн соң, көз карандысыз чыгыш Түркстан Республикасы деп жарыяланган. Жаңы түзүлгөн өкмөттү генерал Ысакбек Монуев жана А.Касымов сыяктуу атактуу саясий лидерлер жетектей башташыптыр. Көтөрүлүштөгү баатырдыгы үчүн Ысакбек Монуевге 1945-жылы 14-октябрда аскердик генерал-лейтенант даражасы ыйгарылган.

Ысакбек Монуев
Ысакбек Монуев

Кыргыздын биринчи генералын жакшы билген адамдардын айтуусуна караганда, ал кытай, уйгур, өзбек, орус тилдерин мыкты өздөштүргөн абдан билимдүү инсан болгон. Адабиятка жан-дили менен берилип ыр да жазып жүргөн дешет.

Жаамы кыргыз элинин сыймыгы жана биринчи генералы саналган бул тарыхый инсандын 47 жашында күтүлбөгөн жерден көз жумганы тууралуу маалыматты окуган же уккан ким эле болбосун заманасы тарып, кайгырбай койбойт. Тилекке каршы, ал 1949-жылы 27-августта Кытайдын мамлекеттик биринчи саясий жыйынына катышуу үчүн Бээжинге учуп бараткандагы авиакырсыкта курман болуптур.

Кытайдын келечек тагдыры аныктала турган тарыхый жыйынга бараткан делегациянын курман болгон мүчөлөрүнө арналган эстелик Кулжа шаарында тургузулган. Аталган шаарда Шинжаң эли улуттук баатыры эсептеген Ысакбек Монуевдин музейи ачылып, аскердик ишмердиги жөнүндө маалымат окуу китептерине киргизилген. Анын өмүрү, баатырдыгы тууралуу жазылган китептер кыргыз, кытай, уйгур, казак тилдеринде жарык көргөн деп айтылат тарыхый маалыматтарда.

Өтө кыйын учурларда өмүрүн азаттык, элинин жыргалчылыгы үчүн арнап жүрүп ааламдан эрте өткөн кыргыз генералынын ысымы 2003-жылы Ош шаарындагы көчөлөрдүн бирине жана Чоӊ-Алайдын Нура айылындагы орто мектепке ыйгарылып, айкели да орнотулганын мекендештердин баары эле биле бербесе керек.

Абдылда Карасартов
Абдылда Карасартов

Ысакбек Монуевдин тайманбастыгы, аскердик-саясий ишмердүүлүгү жаатында ишенимдүү маалымат кыргыз коомчулугуна кыргыз жана уйгур тилинде жаза билген калемгер Абдылда Карасартов тарабынан жайылтылган десек туура болчудай.

Анткени кыргыз акыны, котормочусу Абдылда Карасартов Шинжаңда туулуп-өскөн.

Ошол жердеги жогорку окуу жайында окуп, тарых жана география боюнча адистикке ээ болгон инсан. Кыргызстанга ооп келгенден кийин 1997-жылы "Ала-Тоо" журналына "Унутулгус инсан" деп аталган нарктуу макаласын жарыялап, генералыбызды ошол калемгер бизге жакшылап тааныштырганы айтылып жүрөт.

Ыраматылык Абдылда Карасартов аталган макаласында генерал Ысакбек Монуевдин басып өткөн өмүрү, саясий жана аскердик ишмердиги, Кыргызстандагы урпактары тууралуу тарыхый баалуу маалыматтарды баяндаган.

Ысакбек Монуев
Ысакбек Монуев

Ал кишиден кийин Ы.Жээналиев "Кыргыздын биринчи генералы Ысакбек" деген макаласын 2003-жылы "Заман Кыргызстан" гезитинин эки санына жарыялаган экен. Генералдын Кыргызстандагы жакын тууганы, мыкты публицист, маркум Абдывахаб Монуевдин "Генерал Ысакбек: тарыхый таржымалы" деген китеби 2006-жылы жарык көргөн.

Белгилүү журналист Азизбек Чамашев "Ысакбек Монуев – кыргыз элинин туңгуч генералы" деп аталган тарыхый макаласын 2009-жылы "Эркин Тоо" гезитинин үч санына, жазуучу жана чыгаан публицист, педагогика боюнча окумуштуу Абдыкерим Муратов болсо "Генерал Ысакбек – тарыхтын баатыры да, курмандыгы да" аттуу макаласын 2007-жылы "Заман Кыргызстан" гезитине жарыялашкан.

Жогоруда аталган авторлордун эмгектеринен кийин кандай чыгармалар, макалалар жарык көргөнү мага белгисиз. Жыйынтыктап айтканда, кыргыздын туңгуч генералы Ысакбек Монуев тууралуу биздин тарыхчылар атайын изилдөөлөрдү жүргүзүп, тарыхый эмгектерди жазат болуш керек.

Анын 120 жылдыгында айкелин тарыхый мекенинин борбору Бишкектин көрүнөө жерине орнотуу жагы да ойлонуштурулса, улутубуздун сыймыгы болуп калган генералдын арбагы бизден ыраазы болор беле деген пикирдемин.

XS
SM
MD
LG