Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдөгү “чет элдик тыңчылар” деп аталгандардын макамын жөнгө салуучу жаңы мыйзамга кол койду. Ага ылайык, эми чет элден каржылоо алгандарга эле эмес, чет элдиктердин таасиринде болгондорго дагы ушундай макам тагылып турат. Жаңы эрежелер 1-сентябрдан тартып күчүнө кирет.
“Чет элдик тыңчылар” макамын алган адамдарга жана уюмдарга мамлекеттик мектептерде жана окуу жайларда окутуу иштерин жүргүзүүгө, жашы жете электер арасында агартуу иштерин алып барууга жана чыгармачылык багытында мамлекеттик каржылоо алууга тыюу салынат. Аларга ошондой эле мамлекеттик сырларды алууга да укук берилбейт. Мындай макамга ээ адамдар Коомдук байкоочу жана шайлоо комиссияларына кире албайт. Аларда ошондой эле коомдук иш-чараларды уюштурууга укугу жок болот.
Буга чейин иштеп жаткан “чет элдик тыңчылар” тууралуу төрт реестр бирөөнө бириктирилет. Ошол эле маалда алар менен байланышы бар адамдардын өзүнчө реестри ачылат. Тизмеге чет элден каражат алган уюмдардын негиздөөчүлөрү, мүчөлөрү, жетекчилери же кызматкерлери кирет.
Орусияда “чет элдик тыңчылар” жөнүндө алгачкы мыйзам 2012-жылы кабыл алынган. Ал сырттан каражат алган бардык коммерциялык эмес уюмдарды жана бийликтин көз карашына туура келбеген пикирди карманган мекемелердин баарын агент деп таанууга мүмкүнчүлүк берет. Мындай ишмердүүлүктүн критерийлери мыйзамда так аныкталган эмес. Ошондуктан бийлик тизмеге каалаган уюмдарды же каалаган адамдарды киргизип келген.
Быйыл июнда Адам укуктары боюнча Европа соту “чет элдик тыңчылар” жөнүндө мыйзамды адам укуктарын бузуу деп тапкан. Мындан сырткары сотко тогуз жыл мурда кайрылган орусиялык 73 коммерциялык эмес уюмдун ар бирине компенсация чегерген. Орусия аны төлөбөй турганын билдирген. (ErN)