Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:45

Украина: Винницада Орусиянын ракеталык соккусунан 20дай киши каза болду


Украинанын Винница шаарына урулган соккудан кийинки тартылган кадрлар. 14-июль, 2022-жыл.
Украинанын Винница шаарына урулган соккудан кийинки тартылган кадрлар. 14-июль, 2022-жыл.

Украинанын Винница шаарында Орусиянын ракеталык соккусунан 20дай киши, анын ичинде эки жаш бала өлдү. Бул тууралуу Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы кабарлады.

Украин президенти Владимир Зеленский окуядан кийин тараткан билдирүүсүндө Орусияны “киши өлтүргүч” жана “террорчу өлкө” деп атады.

Социалдык түйүндөрдө жарыяланган сүрөттөргө жана видеолорго караганда, ракеталардын бири тогуз кабаттуу үйдүн автоунаа токтотуучу жайына тийген. Анда ондогон автоунаалар өрттөнүп жатканы көрүнүп турат, жаракат алгандар да арбын. Башка ракеталар анын жанында турган үй-жайларды талкалаган.

Соңку чабуулдар ракеталардан атылган. Мунун алдында Винница облусунда абадан сокку урулары тууралуу эскертүүлөр жаңырган. Облустук администрациянын башчысы Сергей Борзов маалымдагандай, абадан коргонуу системалары төрт орус ракетасын атып түшүргөн. Калгандары имараттарга тийген.

Винница Украинанын борбордук бөлүгүндө жайгашкан шаар жана учурда эки тарап фронттун линиясынан кыйла эле алыс турат. Орусия бүткүл Украинанын үшүн алып туруу үчүн согуш жүрүп жаткан линиядан алыста турган шаарларды да улам-улам аткылап жатат. Июндун аягында Кременчуг шаарындагы соода дүкөнүнө урулган соккудан 20дан ашык киши өлгөн, аз күн мурда Часов Ярга жасалган чабуулдан 50дөй адам мерт болду.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, Орусия Украинага кол салган февраль айынан бери бул өлкөдө 5 миңден ашык жайкын тургун өлдү. Орус күчтөрү калктуу жайларды аткылаганын төгүндөп келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG