Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:49

Кыргызстанда 47 адамдан коронавирус аныкталды


Дарыгер бейтаптын сатурациясын өлчөп жаткан учуру. Кыргызстан, Бишкек. 2022-жыл.
Дарыгер бейтаптын сатурациясын өлчөп жаткан учуру. Кыргызстан, Бишкек. 2022-жыл.

14-июлга карата Кыргызстанда коронавирус 47 адамдан катталды. Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, 40 адам оорунун белгилерин байкап ооруканага кайрылышкан, жети адамдан ПЧР-тест тапшырууда аныкталган. Алардан 46 киши амбулатордук дарыланууда, бирөө ооруканада жатат.

Санэпидкөзөмөл жана оорулардын алдын алуу борбору азырынча бардык облустар жашыл аймакта экенин, бирок илдеттин жугушу күн санап өсүп жатканын маалымдаган.

Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда коронавирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 201 282 адамга жетти. Илдеттин кесепетинен 3 миңге чукул киши каза болду.

Борбор Азияда Казакстан менен Өзбекстанда коронавирус кайрадан күч алып, айрым чаралар киргизиле баштады. (TSh)

XS
SM
MD
LG