Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:20

Белужистандагы жикчилдер пакистандык офицерди барымтага алды


Пакистандын картасы жана андагы Белужистан провинциясынын көрүнүшү.
Пакистандын картасы жана андагы Белужистан провинциясынын көрүнүшү.

Пакистандын тынчыбаган Белужистан провинциясындагы жикчил куралдуу топтор өкмөттүк армиянын офицерин кармап, барымтага алышты. Бул тууралуу маалыматты “Азаттыктын” Пакистан кызматы – “Машаал” радиосуна өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү ырастады.

Кабарларда айтылгандай, Зиарат деп аталган шаарда куралдуу адамдар блокпост орнотуп, ар бир автоунааны текшерип турушкан. Офицердин аты-жөнүн жана кызматын билип алышкандан кийин аны кармап, белгисиз жакка алып кетишкен.

Белужистан провинциясынын башкы министри Абдул Куддус Бизенжо окуяны кескин айыптап, офицерди табуу иштери уланып жатканын маалымдады.

Белужистан провинциясында жикчилдер бир нече топ түзүшкөн. Ооганстан жана Иран менен чектешкен бул аймактын белуж козголоңчулары мурдатан бери Пакистандан көз карандысыздык алууга аракет кылып келет.

Аймакта жардыруулар жана диний кагылыштар улам-улам кайталанып турат. 2004-жылдагы кагылыштар миңдеген адамдардын өмүрүн алган. (ErN)

XS
SM
MD
LG