Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:58

Стамбулда орус-украин сүйлөшүүсүнүн биринчи раунду аяктады


Орусия менен Украинанын Стамбулдагы мурдагы сүйлөшүүлөрүнө президент Режеп Тайып Эрдоган да катышкан. Иллюстрация.
Орусия менен Украинанын Стамбулдагы мурдагы сүйлөшүүлөрүнө президент Режеп Тайып Эрдоган да катышкан. Иллюстрация.

Орусия менен Украинанын аскердик өкүлдөрү 13-июлда Түркиянын Стамбул шаарында жолугуп, согуштук кырдаалда туңгуюкка кептелип калган дан экспортун жөнгө салуу маселесин сүйлөштү.

Жолугушууга ошондой эле Түркиянын армиясынын жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өкүлдөрү да катышты. Сүйлөшүүдө украин портторун ачуу жана Украинанын кампаларында жаткан миллиондогон тонна буудай жана башка азыктарды сыртка чыгаруу жолун табуу талкууланды.

Түркиянын Коргоо министрлиги биринчи сүйлөшүү бир жарым саатка чейин созулуп, жыйынтыкталганын маалымдады. Мекеме башка деталдарын ачыктаган жок. Жолугушуу төрт күнгө созулат.

“Интерфакс” агенттиги Орусиянын Коргоо министрлигине таянуу менен Москва маселени чечүү үчүн сунуштардын пакетин алып чыкканын кабарлады.

Расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү Орусияны украин деңиз портторун басып алганы үчүн айыптап, муну дүйнөлүк рынокто дан азыктарынын бааларын көтөрүүгө жана товарлардын тартыштыгын жаратууга болгон аракет деп баалап келген. Украин аскерлери 31-июнда Змеиный аралынан орус күчтөрүн сүрүп чыккандан кийин Киев кара деңиздеги кырдаалды көзөмөлдөп калды. Натыйжада Орусия Украинага кол салгандан бери чет элдик кемелер дан азыктарын жүктөп кетүү үчүн июлдун башында украин портторуна биринчи жолу келди.

Украина мындан сырткары Орусияны украин дандарын уурдоого жана сатууга айыптап келет. Бул маселеде эки тарапка Түркия ортомчу түшүп жатат.

Украина дан азыктарын экспорттоодо дүйнөдө төртүнчү орунда турат. 2021-жылы бул өлкө дээрлик 45 миллион тонна дан жана буурчак азыктарын башкаларга саткан.

Учурда Украинада 22 миллион тоннадай дан азыктары Орусия Кара деңизди бөгөттөп турганы үчүн сыртка чыгарылбай турат. БУУнун өкүлү Маурицио Мартина мурдараак Орусиянын Украинага кол салуусунан улам ачарчылыкка тушуккандардын саны мурдагыдан 18 миллионго көбөйүп, 218 миллионго жетерин эскерткен. (ErN)

XS
SM
MD
LG