Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:06

ЕБдеги беш өлкө Босния-Герцеговинага талапкер макамын берүүнү сунуштады


Босния жана Герцеговинанын картасы.
Босния жана Герцеговинанын картасы.

Европа Биримдигиндеги (ЕБ) беш өлкөнүн - Австриянын, Венгриянын, Чехиянын, Словакиянын жана Словениянын тышкы иштер министрлери Босния жана Герцеговинага уюмга кошулууга талапкер макамын берүүнү сунуштады.

“Биздин өлкөнүн өкмөттөрү Батыш Балкан Евробиримдик үчүн маанилүү экенин көрсөткүбүз келет”,- деди 13-июлда Будапешттеги биргелешкен билдирүүдө Австриянын тышкы иштер министри Александр Шалленберг.

Министрлер бул маселени ЕБдин быйыл октябрда өтө турган саммитинин күн тартибине киргизүү керектигин айтышты.

Евробиримдик июнда Украина менен Молдовага уюмга кирүүгө талапкер макамын берген. Бул Орусиянын Украинага кол салуусунун фонундагы шашылыш жараян болуп калды.

Босния жана Герцеговина Түштүк Чыгыш Европадагы мурдагы Югославиядан бөлүнүп чыккан мамлекет. Ал 1992-1995-жылдардагы согуштун кесепеттерин ушул кезге чейин тартып келет.

Балкандагы өлкөлөрдөн Босния жана Герцеговина менен Косовонун гана Евробиримдикке кирүүгө талапкер макамы жок. Чөлкөмдөгү башка мамлекеттер мурда эле талапкер болгону менен уюмга кошулууда жылыш жок деген нааразылык билдирип келет. Түндүк Македония 2005-жылдан бери, Албания 2014-жылдан бери талапкер болгону менен ЕБге кошула элек.

Евробиримдиккке талапкер макамы берилген өлкөлөр уюмдун толук мүчөсү болушу үчүн анын талабына ылайык көптөгөн реформаларды жүргүзүшү керек. Андан кийин уюмга мүчө 27 мамлекеттин баарынын бир добуштан колдоосу керектелет. (ErN)

XS
SM
MD
LG