Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:36

"Медуза": Москвада “Собянин полку” согушка адамдарды жалдап жатат


Сергей Собянин
Сергей Собянин

Орусиянын борбору Москвада атайын аскердик бөлүк түзүлүп, ага Украинадагы согушка катышуу үчүн жалданмачыларды тартып жатышат. Бул тууралуу "Медуза" басылмасы жаңы иликтөөсүндө кабарлап, жалданмачылар өздөрү аны мэр Сергей Собяниндин атынан “Собянин полку” деп атаганын жазды.

Аскердик топ Москва шаарынын бюджетинен каржыланууда. Ошол эле маалда Собянин өзү согушка байланыштуу коомдук билдирүүлөрдөн мүмкүн болушунча карманып келе жатканы белгилүү.

“Собянин полкуна” аскерлерди тартуу 1-июлда башталган. Басылманын маалыматына караганда, ага негизинен москвалыктар эмес, башка аймактардын жашоочулары – 60 жашка чейинки эркектер чогултулуп жатат.

Жалданмачылар алга бир айча Нижегород облусунун Мулино полигонунда машыгуудан өтүп, андан кийин гана Украинадагы согушка катышат. Аларга айына 200 миң сомдон жогору маяна убада кылып жатышат.

Москванын мэринин басма сөз кызматынын башчысы Гульнара Пенькова "Медузанын" чалууларына жана социалдык түйүндөр аркылуу кайрылууларына таптакыр жооп берген эмес. Кызматтын өкүлү Александр Герасимов "мындай суроолорго жооп берүүгө ыйгарым укугу жоктугун” айтуу менен чектелген.

Украинадагы согушка катышуу үчүн түзүлгөн “Ыктыярдуу батальондор” (иш жүзүндө келишимдик негиздеги жалданмачылар) Орусиянын ар кайсы аймактарында жаз айларынан тартып түзүлө баштаган. Андан бери Чеченстанда, Татарстанда, Башкырстанда, Перм крайында, Киров жана Нижогород облустарында өздөрүнүн отряддары пайда болгон.

Украин жергесине кол салгандан кийин көпчүлүк эксперттер орус президенти Владимир Путин койгон милдеттерди армия кошумча мобилизациясыз аткара албай турганын белгилешкен. ЧВК сыяктуу жеке менчик аскердик компаниялар “жашыруун мобилизациянын” варианттарына айланып калган. Ыктыярчылар дагы, жалданмачылар дагы аскерлер сыяктуу Орусиянын Коргоо министрлиги менен иштегендиктен, согуштук талаада алардын айырмасы байкалбай калган. (ErN)

XS
SM
MD
LG