Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:13

Өзбекстанда 200 миң сумдук акча жүгүртүүгө чыгарылды


Өзбекстандын 200 000 сумдук номиналдагы жаңы банкноту.
Өзбекстандын 200 000 сумдук номиналдагы жаңы банкноту.

Өзбекстандын Борбордук банкы 200 миң сумдук номиналдагы банкнотун жүгүртүүгө чыгарды. Мекеме өз сайтында кабарлагандай, акча каражаты 15-июлдан тартып элдин колуна тийет.

Банкноттун жасалгасы “Улуу Жибек Жолу” тематикасына жана өлкөнүн Фергана өрөөнүнүн байыркы тарыхына арналган. Акчанын бир тарабында Жибек жолунун символу болуп саналган төөнүн элеси, экинчи жагында Фергана облусунун Кокон шаарындагы “Кудаяр хандын ордосу” архитектуралык эстелиги чагылдырылган.

2021-жылдын декабрында Өзбекстанда 50 миң сумдук жана 100 миң сумдук банкноттор жүгүртүүгө чыгарылган. Алар Сурхандарыя жана Хорезм чөлкөмдөрүнө арналган. Жаңы банкноттор улуттук валюта девальвацияланып, күчү кетишинен улам чыгарылып жатат.

Сум Өзбекстан эгемендик алгандан кийин 1993-жылы өлкөнүн акча бирдиги катары кабыл алынган. Алгач советтик рубль менен паралелль иштесе, 1994-жылдан тартып улуттук валюта катары жалгыз колдонулуп келет. Мурдагы СССРдин аймагындагы мамлекеттердин ичинен Өзбекстандын валютасы эң арзан акча болуп саналат.

Алгач кабыл алынган учурда сум чет элдик валюталарга карата кубаттуу болуп, 1 доллар 6 сумга барабар эле. Ошол эле доллар 2000-жылдары 300 сумга, 2010-жылдары 1500 сумга, 2015-жылдары 3000 сумга чейин чыккан. 2017-жылы дароо 8 миң сумга көтөрүлүп, 2022-жылдын башында 11 жарым миң сумдан ашып, кайра түшкөн.

Учурда расмий курста 1 доллар 10 миң 935 сум деп бааланып турат. Жаңы чыккан 200 миң сумдук акча орточо 18-20 долларга барабар болуп калат. (ErN)

XS
SM
MD
LG