Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:07

Эң жогорку балл алган бүтүрүүчүлөргө “Алтын сертификат” тапшырылды


 “Алтын сертификат" тапшыруу учуру. 13-июль, 2022-жыл.
“Алтын сертификат" тапшыруу учуру. 13-июль, 2022-жыл.

Президент Садыр Жапаров 13-июлда жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган орто мектеп жана лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө “Алтын сертификаттарды” тапшырды. Анда мамлекет башчы пандемия билим берүү тармагына таасирин тийгизгенине, өлкө келечеги үчүн балдарга билим берүүнүн маанисине токтолду.

“Кыргызстандын келечеги билимдүү жаштардын колунда деп баса белгилеп, билим берүү системасына комплекстүү чара көрүүнү колго алып келебиз. Билим берүү тармагындагы инвестициялар экономикалык адилеттүүлүктү өнүктүрүүдөн, жакырчылыкты кыскартуудан, толук кандуу заманбап саясий системаны иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон интеллегенцияны калыптандырууга чейинки ар кандай социалдык таасирлерди камтыйт”, - деди президент.

Кыргызстанда быйыл Жалпы республикалык тестирлөөдө 57 окуучу эң жогорку упай топтоп, "Алтын сертификат" алуу укугуна ээ болду.

Алардын 35и Бишкек шаарынан, калганы жети облустан келген окуучулар. Жыл сайын 40 миңден ашуун бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөгө катышат. Анын жыйынтыгына жараша аларда жогорку окуу жайларга бюджеттик окууга кирүү мүмкүнчүлүгү болот. (TSh)

XS
SM
MD
LG