Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:15

Венгрияда өкмөткө каршы нааразылык акциясы өттү


Будапешттеги жүздөгөн адамдардын митингинин катышуучуларын кармоо учуру. 12-июль, 2022-жыл.
Будапешттеги жүздөгөн адамдардын митингинин катышуучуларын кармоо учуру. 12-июль, 2022-жыл.

12-июлда Венгриянын борбору Будапештте жүздөгөн адамдар Дунай дарыясынан өткөн көпүрөнү жаап, өкмөттүн салык мыйзамдарынын өзгөртүүсүнө каршылык билдиришти.

Бул күнү парламент премьер-министр Виктор Орбандын өкмөтү сунуштаган салык боюнча сунуштарын карады. Анда жүздөгөн чакан ишканалар үчүн салыктык төлөмдү жогорулатуу маселеси камтылган эле. Жаңы мыйзам боюнча добуш берүү 13-июлда өтөт.

Транспорттук каттамды бууган акция үч саатка созулуп, трамвайларды жана башка транспортторду токтотуп койду. Алар сунушту чакыртып алууну талап кылышты. Ондогон адамдар кармалды.

Бул Орбан кайрадан шайлангандан кийинки эң ири нааразылык болуп калды.

Виктор Орбандын популярдуулугу акыркы айларда инфляциянын күчөшүнөн улам жана Европа Биримдиги менен талашынан улам төмөндөп бараткан.

Орбан алгач 1998-2002-жылдары премьер-министр болгон. 2010-жылы бул кызматка кайрадан шайланып, ошондон бери өкмөттү башкарып келатат. Быйыл апрелдеги шайлоодо дагы утуп чыкты. (ErN)

XS
SM
MD
LG