Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:49

YouTube орусиялык пропагандачы Тигран Кеосаяндын каналын бөгөттөдү


Маргарита Симоньян жана Тигран Кеосаян
Маргарита Симоньян жана Тигран Кеосаян

YouTube сервиси орусиялык режиссёр Тигран Кеосаяндын порталдагы "Кеосаян Daily" каналын бөгөттөдү. Бул тууралуу анын аялы, RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян кабарлады.

"Тиграндын YouTube порталындагы каналын жаап салышты. Аларда адат болуп калгандай эле эч себепсиз. Ал болсо буга кубанып жатат", – деп жазды Симоньян өз телеграм-каналында.

Ал ошондой эле күйөөсүнүн Rutube порталындагы каналына шилтеме таштап, YouTube порталын сынга алган.

Кеосаян апрелдин соңунда YouTube порталындагы каналындагы билдирүүлөрүндө Казакстанда 9-майга карата парадды өткөрбөө чечимин “жакшылыкты билбегендик” жана “чыккынчылык” катары баалап, Украинанын мисалын кароого чакырган. Бул билдирүүлөрдөн кийин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кеосаяндын өлкөгө киришине чектөө койгон.

Тигран Кеосаян 8-июлда Канаданын санкциялык тизмесине кирген. "Кара тизмеге" кирген жарандарды канадалык бийлик “Орусиянын прогагандасын жана бурмаланган, жалган маалыматтын жайылткан агенттер” деп атаган. Кеосаян жана анын аялы Маргарита Симоньян дагы Кремлдин башкы пропагандачылары болуп саналат. Мурдараак Евробиримдик жана Улуу Британия да аларды "кара тизмеге" киргизген. (ErN)

XS
SM
MD
LG