Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:16

Теннисчи Новак Жокович Уимблдондун жетинчи жолку чемпиону болду


Новак Жокович менен Ник Кирьос Уимблдон турниринин сыйлыктарын кармап турушат.
Новак Жокович менен Ник Кирьос Уимблдон турниринин сыйлыктарын кармап турушат.

Сербиялык теннисчи Новак Жокович Уимблдон турниринде жетинчи жолу чемпион болду. Финалда ал австралиялык Ник Кирьосту жеңди. Бул Жоковичтин Чоң шлем турнирлериндеги 21-жеңиши.

Ник Кирьос Чоң шлемдин турнирине биринчи жолу чыкты. Буга чейин теннисчилер оюндарда эки ирет кездешкен. Австралиялык оюнчу анын экөөндө тең сербиялык спортчуну жеңген эле.

Уимблдондогу титулдардын саны боюнча Новак Жокович башка бир теннисчи, жети ирет чемпион болгон Пит Сампраска жетти. Дагы бир спортчу Рожер Федерерде гана жети жолку чемпиондук титул бар.

Профессионалдык теннис боюнча жыл сайын өтүүчү төрт ири беттештердин топтому – Чоң шлем турнирлери (Grand Slam tournaments) деп аталат. Ага Австралиядагы, Франциядагы, АКШдагы ачык чемпионаттар жана Улуу Британиянын Уимблдон шаарчасында өтчү турнир кирет. Уимблдондогу турнир 1877-жылдан бери жыл сайын болот жана популярдуу чемпионат болуп саналат. (ErN)

XS
SM
MD
LG