Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:20

Пандемиядан кийинки Курман айт жана ажылык


Бүгүн 9-июлда Кыргызстанда Курман айт майрамы белгиленүүдө. Бардык мечиттерде майрамдык айт намазы окулду.

Эл эң көп чогулган айт намазы Бишкектин Эски аянтында өттү. Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өлкө жетекчилиги да катышты.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу соңку эки жылда айт намазы борбордук мечиттерде окулбай келген. Ошондон бери алгачкы жолу быйыл 2-майда Орозо айт намазына байланыштуу негизги иш-чара Бишкектин Эски аянтында уюштурулуп, ага 35 миңдей адам чогулган.

Эски аянттагы айт намаз
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:56 0:00

Ички иштер министрлиги бүгүн коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн 8 миңдей милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштей турганын билдирген.

Курман айт майрамына карата Кыргызстандын элине жана президент Садыр Жапаровго Казакстандын, Түркмөнстандын, Азербайжандын, Палестинанын лидерлери, Түркмөнстандын мурдагы президенти, учурда Халк Маслахаты Милли Генгешин жетектеп жаткан Гурбангулы Бердымухамедов да куттуктоо жолдогон.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев "биргелешкен умтулуулардын аркасында тарыхый тамыры терең өзбек жана кыргыз элдеринин ортосундагы достук жана ынак коңшулук мамилелер акыркы жылдары таптакыр жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлгөнүн канааттануу менен белгилейм" деген.

Ал эми Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон достукту жана кызматташтыкты чыңдоо маанилүү экенине токтолгон.

"Биргелешкен күч-аракеттердин аркасында биз бул жолдо мындан ары да жаңы ийгиликтерге жетишебиз жана элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына ылайык, тажик-кыргыз ынак коңшулук мамилелерин мындан да жогорку деңгээлге көтөрөрүбүзгө ишенем”, - деп айтылат Рахмондун телеграммасында.

Кыргызстандыктарды Курман айт менен куттуктаган президент Садыр Жапаров болсо бул күн мусулмандардын адамзаттын баа жеткис рухий байлыктары болгон биримдикти, боорукерликти жана кайрымдуулукту даңазалаган башкы майрамдарынын бири экенин белгиледи.

“Жараткан ар кыл этностун жана конфессиянын өкүлдөрү мекен туткан күнөстүү Кыргызстаныбызга жана меймандос кыргызстандыктарга биримдик менен кайрымдуулукту, сабырдуулук менен берешендикти мол берсин” деди Садыр Жапаров.

Курмандык чалуу адам баласын ашкере сараңдыктан жана дүнүйө-мүлкүн көбөйтүүнүн артынан сая түшүү жосунунан куткарарын айткан мамлекет башчысы ошону менен бирге жаман адаттардан арылууга да чоң өбөлгө түзөрүн кошумчалады жана ушул күндөрү ажылыкта ибадат кылып жүргөн кыргызстандыктарга парзынын кабыл болуусун каалады.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Сауд Арабиясы 2020-жылы ажылык зыяратты убактылуу токтотуп, соңку эки жылда өзүнүн гана жарандарына уруксат берип келген.

Падышачылыктын бийлиги быйыл 18-65 жашка чейинки, өнөкөт оорулары жок, коронавируска каршы эмделген 1 миллион адамга гана ажылыкка келүүгө уруксат берген. 1-июлдан тарта Сауд Арабиянын Мекке шаарына дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн жүз миңдеген зыяратчылар келе баштаган. Ажылык амалдары 7-июлда башталат.

Кыргызстандык зыяратчылардын пандемиядан берки алгачкы ажылык сапары 16-июнда башталган. Ажылык сапарга барчуларды каттоо 11-майда жыйынтыкталган.

22-июнда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы (муфтият) зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Арабиянын Мекке шаарындагы Дувар Кудей районундагы мейманканаларга жайгаштырылганын билдирген. Ажылыкты уюштуруу штабынын башчысы Абибилла Кадырбердиев аларды Аль-Харам мечитине автобус менен ташууну уюштуруу тууралуу тиешелүү жергиликтүү жетекчилер менен сүйлөшкөнүн кабарлаган.

Быйыл Кыргызстандын жарандарына ажылыкка барууга 2766 квота бөлүнгөн. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Сауд Арабиясы ажылык зыяратты убактылуу токтоткон 2020-жылы Кыргызстанга 6110 квота бөлүнгөн, сапардын баасы 3350 доллар эле. Быйыл ажылык сапардын акысы 4500 доллар деп бекитилген.

Кыргызстанда буга чейин ажалык сапарды уюштуруп өткөрүү жана топтолгон каражатка байланыштуу чуулуу окуялар катталган. Быйыл муфтият ажылыкка барам дегендерден эки жыл мурда топтолгон 636 миң доллардын дайыны чыкпай жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG