Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:08

Анжиянда кыргыз-өзбек чек арасы боюнча отурум өттү


Кыргыз делегациясын чек ара маселелери боюнча атайын өкүл Назирбек Бөрүбаев жетектеп барды.
Кыргыз делегациясын чек ара маселелери боюнча атайын өкүл Назирбек Бөрүбаев жетектеп барды.

4-8-июлда Өзбекстандын Анжиян шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча өкмөттүк делегациялардын жумуш топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу 8-июлда кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, "Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун даярдашты. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында протоколго кол коюлду".

Чек ара боюнча бул жумуш тобунун кийинки отуруму эми Кыргызстандын аймагында өткөрүлөрү маалымдалды.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), андан бери 13% жакыны такталганы 2021-жылдын февралында расмий айтылган. Президент Садыр Жапаров 2021-жылы март айында Ташкентке алгачкы мамлекеттик сапар менен барганда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган 22 документке кол коюлган. Президенттер ортодогу мамлекеттик чек ара маселесин эң кеч дегенде үч айда чечерин айтышкан.(RK)

XS
SM
MD
LG