Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:03

Аянт-мечиттерде Курман айт намазы окулду


Бишкектин Эски аянты. 2022-жылдын 9-июлу.
Бишкектин Эски аянты. 2022-жылдын 9-июлу.

Бүгүн 9-июлда Кыргызстанда Курман айт майрамы белгиленүүдө. Бардык мечиттерде майрамдык айт намазы окулду.

Эл эң көп чогулган айт намазы Бишкектин Эски аянтында өттү. Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өлкө жетекчилиги да катышты.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу соңку эки жылда айт намазы борбордук мечиттерде окулбай келген. Ошондон бери алгачкы жолу быйыл 2-майда Орозо айт намазына байланыштуу негизги иш-чара Бишкектин Эски аянтында уюштурулуп, ага 35 миңдей адам чогулган.

Эски аянттагы айт намаз
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:56 0:00

Ички иштер министрлиги бүгүн коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн 8 миңдей милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштей турганын билдирген. (GT)

XS
SM
MD
LG