Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:21

ИИМ: Мыйзамсыз миграция уюштурган компаниянын иши сотко өттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандыктарды чет өлкөлөргө жөнөтүү боюнча туруктуу мыйзамсыз каналга байланыштуу кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнүн 8-июлда Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, «Грин Лайт Компани» компаниясын жетектеген 35 жаштагы кыргызстандык келин эч кандай уруксат кагазы жок туруп 40 адамдан, анын ичинде балдардан турган топту мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз алып өтүп, Европага жана АКШга жөнөтүү максатында Украина аркылуу Молдовага алып барган.

Ошол жактагы тааныштары менен бирге ал кыргызстандыктарды Молдовада беш ай бою кармап турган.

Молдованын күч органдары кыргыз жарандарына иш козгоп, кийин Кыргызстанга депортация кылышкан. Кыргызстанда жалпысынан 31 иш козголуп, материалдык чыгым 20 миллион сом деп эсептелүүдө.

«Грин Лайт Компаниден» жабыркагандар тууралуу “Азаттык” радиосу макала даярдаган.

ИИМ 27-июндан 4-июлга чейин өлкө аймагында экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы «Нелегал-Трафик» иш-чарасын жүргүздү. Натыйжада мыйзамсыз миграция боюнча 369 эреже бузуу фактысы, мыйзамсыз миграция уюштурулган 45 факт катталды.

XS
SM
MD
LG