Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:04

Журналисттин иши: паспорт боюнча комиссия мүчөлөрү көрсөтмө берди


Журналист Болот Темировдун соту. 24-июнь, 2022-жыл.
Журналист Болот Темировдун соту. 24-июнь, 2022-жыл.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда 6-июлда иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон ишти кароо уланды. Темировдун айтымында, бүгүнкү соттук отурумда журналисттин паспорту боюнча Мамлекеттик каттоо кызматында түзүлгөн комиссия мүчөлөрү көрсөтмө берди.

"Комиссиянын мүчөлөрү көрсөтмө беришти. Комиссиянын чечими жалпы жарандык паспорту шек туудурат деп чыккан экен. ID карта боюнча шек жок дешти", - деди Темиров.

Журналисттин кезектеги соту кийинки аптага шейшемби күнгө белгиленди. Темировго баш-аягы төрт иш ачылып, бир өндүрүшкө бириктирилген. Анын паспортуна байланыштуу 20-апрелде Жазык кодексинин “Документ жасалмалоо”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” боюнча эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

Ага чейин быйыл январь айында Бишкек шаардык милициясы Темировго карата Жазык кодексинин “Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Мунун алдында Болот Темировдун Temirov LIVE деп аталган YouTube каналы “Эки күндө 37 млн. сомду кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы” деген темада иликтөө жарыялаган.

Болот Темиров өзүнө карата козголгон кылмыш иштерин кесиптик ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөгөн. Күч органдары бул дооматтарды четке кагып келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG