Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

Башкы прокуратура “Кыргызкөмүрдө” жемкорлук аныкталганын билдирди


Кара-Кече. Иллюстрациялык сүрөт.
Кара-Кече. Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы “Кыргызкөмүр” ишканасында жемкорлук аныкталганын 4-июлда билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Бишкек шаардык прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 127 миллион сомдон ашуун каражатка зыян келтирилгени аныкталды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө "Кыргызкөмүрдүн" жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттин кызыкчылыгына карабастан эки ишкана менен Кара-Кече көмүр кенинен Балыкчы шаарына чейин 200 миң тонна көмүр жеткирүү үчүн атайын бекитилгенден эки эсе жогору баада келишим түзгөнү аныкталганы белгиленди.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Билип туруп пайдасыз келишим түзүү” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

2021-жылы суук түшкөнү Бишкекте көмүрдүн бир тоннасы 6-7 миң, республиканын түштүк аймагында 8-10 миң сомдон сатыла баштаган. 15-ноябрда президент Садыр Жапаров көмүр Бишкекте 3 миң сомдон сатыларын билдирген жана ошондон кийин шаарда эки кампа ачылып, көмүр ушундай баада сатыла баштаган. Бирок ага кезек күткөндөр өтө көп болгондуктан кымбат көмүр сатып алууга мажбур болуп жатышканын кардарлар социалдык түйүндөр аркылуу билдиришкен. Айрым айдоочулар 3 миң сом деген баа алардын чыгашасын жаппай турганын айтып чыгышкан. “Кыргызкөмүр” муну ортомчулардын көмүрдү кымбат сатуу аракети деп атаган.

“Кыргызкөмүр” ишканасы прокуратуранын бүгүнкү маалыматы боюнча азырынча комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG