Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:20

Массалык уулануудан кийин Жалал-Абад шаарындагы тез татымдар ишин токтотту


"Таж-махал" ашканасынан 30-июнда шаурма жеген 13 адам ооруканага кайрылган. Жалал-Абад шаары. 2022-жыл.
"Таж-махал" ашканасынан 30-июнда шаурма жеген 13 адам ооруканага кайрылган. Жалал-Абад шаары. 2022-жыл.

Жалал-Абад шаарындагы тез татым жайларынын дээрлик баары жабылды. Буга алардын санитардык талаптарды сактабаганы себеп болгонун шаардык мэриядан "Азаттыкка" билдиришти.

2-июлдагы рейд учурунда шаар аймагындагы тез татымдардын көбү тамак-ашты санитардык талаптарга ылайык сактабаганы аныкталган. Анда иштеген жумушчулардын көбүндө медициналык текшерүүдөн өткөнү жөнүндө тийиштүү документтери жок болгон.

Буга байланыштуу Жалал-Абад райондор аралык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык борбору уруксат бергенге чейин менчигинин түрүнө карабай шаардагы бардык тез татым жайларын бүгүн, 2-июлдан тартып жабууга чечим чыгарды.

27-30-июнь күндөрү Жалал-Абад шаарындагы "Ага-ини" жана "Таж-махал" тез татым жайларынан тамактанган 70тен ашуун адам ууланган.

Мындан кийин Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы жана эпидемия-эпизоотияга каршы өзгөчө комиссиянын чечими менен шаардагы тез татым жайлары текшериле баштаган.

Милициядан массалык ууланууга байланыштуу факт бирдиктүү реестрге катталып, тергөө амалдары жүрүп жатканын кабарлашты.

Жалал-Абад шаарында 30дан ашуун тез татым жайлары бар.(TB)

XS
SM
MD
LG