Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:37

АКШ Өзбекстандын Орусияга микросхема саткан ишканасына санкция салды


АКШнын Мамдепартаменти.
АКШнын Мамдепартаменти.

АКШ Өзбекстандагы Promcomplektlogistic компаниясын санкция салынган ишканалардын тизмесине кошту. Бул тууралуу маалымат Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин сайтына жарыяланганын 30-июнда “Озодлик” радиосу жазды.

Маалыматта айтылгандай, Мамдепартамент билдирүү таратып, быйыл 3-мартта АКШ коргоо өнөр жайы үчүн продукция сатканына байланыштуу орусиялык «Радиавтоматикага» каршы санкция киргизгенин, бирок Өзбекстандын Promcomplektlogistic компаниясы ага микросхема сатып, санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам бергенин айтты.

Билдирүүдө айтылгандай, Promcomplektlogistic ишканасына каршы санкция киргизилиши дүйнөнүн башка өлкөлөрү үчүн “эскертүү” болуп калышы керек.

“Эгер санкция алдындагы юридикалык же жеке жак менен бизнес жүргүзүп жатсаңар, демек, санкцияга кабылышыңар ыктымал” деп айтылды Мамдепартаменттин билдирүүсүндө.

Санкция эрежесине ылайык, Promcomplektlogistic компаниясынын АКШдагы бардык активдери токтотулуп, америкалык ишканаларга аны менен кызматташууга тыюу салынат.

Ачык булактардагы маалыматка караганда, Promcomplektlogistic 2018-жылы түзүлгөн. Ал жер үстүндөгү транспорт каражаттары боюнча тейлөө ишин жүргүзүү менен алектенет. Ташкентте катталган бул компаниянын жалгыз ээси катары көрсөтүлгөн Олег Грабилиндин Орусияда да бир нече ишканасы бар экени белгилүү болду. (RK)

XS
SM
MD
LG