Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:49

Депутаттар "Манас" жана "Ош" аэропортторунун түрк компаниясына берилишин сындашты


"Ош" эл аралык аэропорту.
"Ош" эл аралык аэропорту.

Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев жана Шайлообек Атазов "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторун реконструкциялоо үчүн түркиялык YDA деген компанияга берилип жатканын сындап чыгышты. Акаев бул маселе боюнча президентке жана атайын кызматка кайрылды.

“Биз аэропортторубузду 39 жылга сырткы башкарууга берип жатабыз. Муну Акылбек Жапаров ушул жерде айтты. Бул абдан туура эмес. Анткени Дүйнөлүк банк менен келишим түзүп, ачык сынак өткөрүлмөк деген сөз берилген. Германия, Түштүк Корея, Голландиядан ири компаниялар катышууга аракет кылып жатканда эч кандай сынак, тендери жок стратегиялык аэропортторду берген жатабыз”, - деди Акаев.

Жанар Акаев стратегиялык объектилер белгисиз компанияга берилип жатканын текшерүү зарылдыгын белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Манас" жана "Ош" аэропортторун ачык сынакта мамлекеттин сунушуна макул болгон бир дагы компания келбегендиктен түркиялык YDA деген компания менен алдын ала макулдашуу жүрүп жатканын билдирген.

"Түркиянын YDA компаниясы менен алдын ала макулдашуу болду. Жакын арада Бишкектеги жана Оштогу аэропортту эки жыл аралыгында реконструкциялоо үчүн 450дөн 501 миллион долларга чейин инвестиция салып, бардык жумуштарды бүтүрмөй болуп жатат. Эгер жакынкы күндөрү макулдашууга кол коюлса, жумуштар башталат. Биз тараптан бир шарт коюлду - көрсөтүлгөн мөөнөттө жумуштар аяктабаса, салынган инвестиция толугу менен Кыргызстанга өткөрүлөт. Учурда саясий чечим кабыл алынды. Меморандумду юристтер жана экономисттер карап жатышат”,- деген болчу Акылбек Жапаров.

Май айында президент Садыр Жапаров аба майдандар тууралуу пикирин билдирген. Анда өлкөнү 2026-жылга чейин өнүктүрүү программасынын алкагында аба майдандардын инфраструктурасы жакшырып, ички авиакаттамдар калыбына келтирилери айтылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG