Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:53

Жапаров Түркмөнстандын мурдагы президенти менен телефондон сүйлөштү


Садыр Жапаров. Гурбангулы Бердымухамедов.
Садыр Жапаров. Гурбангулы Бердымухамедов.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркмөнстандын мурдагы президенти, Элдик жыйындын (Халк маслахаты) төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Сүйлөшүүдө пландалган эки тараптуу багыттагы визиттердин жадыбалы тууралуу сөз болгон.

Дүйнөдөгү эң жабык мамлекеттердин бири саналган Түркмөнстанды 2006-жылдын аягынан бери бери башкарып келген Гурбангулы Бердымухамедов февралда күтүүсүздөн бийликти "жаштарга тапшырууга" даяр экенин билдирген жана андан көп өтпөй мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялаган.

Президенттик шайлоо 12-мартта өтүп, Гурбангулы Бердымухамедовдун 40 жаштагы уулу добуштардын 73% алып, жеңүүчү деп табылган. Анын ант берүү аземи 19-мартта өткөн.

Түркмөнстан дүйнөдөгү адам укуктары менен эркиндиктери эң көп чектелген, авторитардык башкаруу өкүм сүргөн өлкө катары мүнөздөлүп келет.

Freedom House уюмунун дүйнөдөгү демократиянын абалын талдаган баяндамасында Түркмөнстан эң акыркы саптан орун алган. 30 жылдан ашык убакыт ичинде бул өлкөдө өткөн бир дагы шайлоону эл аралык байкоочулар эркин деп тааныган эмес. (TSh)

XS
SM
MD
LG