Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:22

“Камбар-Ата-1” боюнча Казакстан, Өзбекстандын өкүлдөрү келери айтылды


“Камбар-Ата-1” ГЭСи курулуучу жер. 8-июнь, 2022-жыл.
“Камбар-Ата-1” ГЭСи курулуучу жер. 8-июнь, 2022-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште бийликтин аткарылган иштери жөнүндө маалымат берип жатып, “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу боюнча Казакстан, Өзбекстандын вице-премьер-министрлери келерин билдирди.

“Жума күнү Казакстан, Өзбекстандын вице-премьер-министрлери келип жатат. Аларды Бакыт Эргешович тосуп алат. Курулуш иштеринин алкагында 20 млн. доллар бөлүп бергенбиз. Энергетика министрлиги ишин баштады. Эки жылдын ичинде көпүрөлөрүн, тоннелдерин бүтүрүп, кийинки шарттарга даярданып жатабыз. Каржы министрлиги менен бирге 500 млн. долларды даярдап койдук. Эгерде кайсы бир шарттар туура келбей калса өзүбүз курууга бел байладык”, - деди Жапаров.

Жалал-Абад облусунда “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна даярдык иштери башталып, 8-июнда гидротоннел түшчү жерде жардыруу болгон. Ага президент Садыр Жапаров катышып, Кыргызстан 30 жыл мурда электр энергиясын экспорттогон өлкө болгонун, азыр тескерисинче аны сатып алып жатканын айткан.

Анын сөзүнө караганда, “Камбар-Ата-1” ГЭСи салынып бүтсө, “Камбар-Ата-2” ГЭСинин толук иштешине шарт түзүлөт. Эки ГЭС тең иштесе, жалпы кубаттуулугу 1000 мВт жетет.

Президент долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси жана башка жумуштар үчүн бюджеттен 412,8 млн. сом бөлүнгөнүн, дагы 1,5 млрд. сом бөлүп берүү маселеси чечилгенин кошумчалаган. Бул каражат ГЭС курула турган аймакка транспорттук тоннел Нарын дарыясынын эки жээгин бириктирген көпүрө, электр чубалгыларын жана жумушчулар жашай турган шаарча курууга жумшалат.

“Камбар-Ата-1” ГЭСи долбоорунун алкагында 2024-жылга чейин инфраструктура иштери жүрөт. ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегатын 2028-жылы ишке берүү пландалууда.

ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 млрд. кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд. кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат.

Айрым эксперттер бул абдан дымактуу аракет экенин, бирок аны толук ишке ашыруу үчүн негиздүү долбоор, техника-экономикалык олуттуу негиздеме жана чоң суммадагы каражат керектигин айтып жатышат. (TSh)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG