Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:46

ТИМ: Орусияда мыйзам бузган кыргызстандык мигранттар 1,5 эсе көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттары арасында административдик-укуктук мыйзам бузгандардын саны 2020-жылга караганда 1,5 эсе өскөнүн 28-июнда Жогорку Кеңештин “Ыйман Нуру” фракциясынын жыйынында маалымат берип жатып тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров билдирди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мадмаровдун айтымында, негизги себептердин катарында Орусияга кирип-чыгуу режимин бузуу, бейбаштык, алкогол жана маңзат колдонуу сыяктуу фактылар бар.

Акыйкатчынын аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков кошумчалагандай, бүгүнкү күндө Орусиянын абактарында 985 кыргыз жараны отурат. Камакка алынгандардын 30% маңзат кылмышы боюнча кармалгандар.

“Азыркы учурда терең талдоо иштери башталды. Байкаганыбыздай, көпчүлүгү оңой акча табуу максатында алданып калгандар болууда”, – деп билдирди Азарбеков.

Фракциянын жыйынында эмгек мигранттарына тиешелүү, анын ичинен маңзатка байланышкан кылмыш ишине кириптер болгон чет жердеги кыргызстандыктар маселеси каралды.

Расмий маалымат боюнча, азыр бир миллиондон ашык кыргызстандык Орусияда иштейт. (RK)

XS
SM
MD
LG