Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:59

Милиция наристе сабалган окуяны териштирүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облустук милициясы Алай районунда үч жашар наристенин сабалышына байланыштуу окуяны териштирүүдө. Милициянын басма сөз кызматы наристе денесинен жараат алып, ооруканага жеткирилгени тууралуу маалымат 27-июнда эртең менен түшкөн.

Маалыматка караганда, мартта 22 жаштагы келин жай мезгилинде карап туруу үчүн эжесине баласын таштап кеткен. Бирок ошол бойдон байланышка чыккан эмес.

Ош милициясы наристени таежеси сабап, ооруканага алып барбай үйүндө кармап отурганын билдирди. Муну байкап калган кошуналары Сары-Могол айыл өкмөтүнүн социалдык иштер боюнча кызматкерине телефон аркылуу билдиришкен.

Соцкызматкерлер наристенин колу-буту көгөргөн, башы жарылган жана сыйрылганын көрүшкөн. Аны Сары-Могол айылдык ооруканасына, андан кийин Алай райондук Жалпы дарыгерлердин практикалык борборуна алып келишкен.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды. Анын жыйынтыгы менен наристеге зомбулук көрсөткөн жарандарга юридикалык баа берилет.

Бүгүнкү күндө бала Алай райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин карамагына алынды.

Соңку учурда наристени жакындары сабаган учурлар көп катталууда. 19-июнда Бишкек шаарындагы менчик бала бакчалардын биринде аял киши үч-төрт жаштагы наристени чаап жиберген видео социалдык тармактарга тараган. Милиция окуяны териштирүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG