Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:20

Түштүк Африкада түнкү клубдагы 22 өспүрүмдүн өлүмү териштирилүүдө


Ист-Лондон шаарчасы. Түштүк Африка, 26-июнь, 2022-жыл
Ист-Лондон шаарчасы. Түштүк Африка, 26-июнь, 2022-жыл

Өткөн жекшембиде Түштүк Африканын түштүк-чыгышындагы Ист-Лондон шаарчасындагы түнкү клубда 22 өспүрүмдүн сөөгү табылды. Алар эмнеден каза болгону белгисиз.

Жергиликтүү Daily Dispatch гезити жазгандай, 13-17 жаштагы балдар ал жерде сынактардын аяктаганын белгилеп жатышкан.

Ички иштер министри Беки Челе аларга спирт ичимдиктери эмне үчүн сатылганы текшерилерин билдирди. Өлкө мыйзамдарына ылайык, алкоголду 18 жашка чейинкилерге сатууга тыюу салынган.

Президент Сирил Рамафоса маркумдардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, өспүрүмдөр 18 жашка чейинкилерге тыюу салынган жайда чогулганына камтамасын билдирди.

Клубдун ээси алар кандай жагдайда өлгөнүн билбесин, ал күнү көп киши чогулганын айтты. Бирок коопсуздук кызматы жаштар тебеленинден каза болбогонун билдирди. Полиция бул окуяны териштирүүдө.

XS
SM
MD
LG