Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:43

Ооганстан: Зилзаладан жабыркаган аймакка гумжардам жеткирилүүдө


Жер титирөөдөн жабыркаган аймак.
Жер титирөөдөн жабыркаган аймак.

Ооганстанда кеминде 1150 адамдын өмүрүн алган жер титирөөдөн кийин бул аймакка гуманитардык жардам жеткирүү иштери уланууда. Бул кырсык өлкөнүн бир да мамлекет тааный элек “Талибан” өкмөтү үчүн оор сыноо болууда, анткени Ооганстандагы соңку абал ансыз да олуттуу гуманитардык кризис катары бааланып жаткан.

25-июнда чатырлар, азык-түлүк жана дары-дармек салынган гуманитардык жүк Пакистандан, Кызыл Ай коомунан жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасынан барды.

Ошол эле күнү “Талибандын” жетекчилиги жер титирөөдөн жабыркаган аймакка эл аралык жардамды жеткирүү жана бөлүштүрүү ишине тоскоолдук болбой турганын убада кылды.

22-июнда Ооганстандын чыгышында, Пакистан менен чектеш аймагындагы тоолуу үч райондо күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөөдөн каза болгондор 1150 адамга жетти, дагы 1600дөй адам жараат алды. Соңку 20 жылдан бери ооган жергесинде мынчалык көп курмандыкка алып келген зилзала катталган эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG