Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:10

Болгария Түндүк Македониянын Евробиримдикке кирүүсүнө койгон ветосун чакыртып алды


Болгариянын парламенти.
Болгариянын парламенти.

Болгария Түндүк Македониянын Европа Биримдигине (ЕБ) кирүүсүнө каршылык билдирген ветосун чакыртып алды. Бул тууралуу чечимди болгар парламенти 24-июнда көпчүлүк добуш менен жактырды.

Македония 2019-жылы Грекия менен талашын чечкен соң өзүнүн аталышына Түндүк деген сөздү кошкон. Ошондон кийин ал ЕБге жана НАТОго кошулууга даярдыгын баштаган. 2020-жылы тарых жана тил маселелери боюнча талашка байланыштуу Түндүк Македонияны Евробиримдикке кошуу боюнча сүйлөшүүлөргө коңшу Болгария вето койгон.

Талаптарынын ичинде Болгария Түндүк Македониядагы болгар азчылыгын этникалык албандар сыяктуу Конституция аркылуу таануу маселесин да талап кылган. Евробиримдикте 2007-жылдан бери мүчөлүк кылган Болгария мындан сырткары Түндүк Македониядан алардын тилинин түбү болгар тилине барып такаларын расмий түрдө мойнуна алуусун талап кылган.

Түндүк Македония алардын тили жана иденттүүлүгү талкууланбай турганын жарыялаган. Расмий Скопье өлкөдөгү болгар азчылыгын Конституция аркылуу тааныйбы-жокпу, азырынча белгисиз.

Болгариянын чечими Евробиримдик Украина менен Молдовага талапкер макамын бергенден бир күндөн кийин болуп жатат. Түндүк Македония уюмга кирүүгө 17 жылдан бери талапкер.

Болгар парламенти 22-июнда премьер-министр Кирилл Петков баштаган Министрлер кабинетине ишенбестик көрсөткөн. Петков куду ушул Түндүк Македониянын Евробиримдикке кирүүсүнө койгон ветону чакыртып алуу үчүн күрөшүп келген эле. (ErN)

XS
SM
MD
LG