Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:00

Аксыда жол кырсыгына кабылган балдардын экөөнүн абалы оор


Иллюстрациялык сүрөт. Бул окуяга тиешеси жок.
Иллюстрациялык сүрөт. Бул окуяга тиешеси жок.

18-июнда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда эс алууга бараткан бүтүрүүчүлөр кырсыкка кабылып, беш бала жараат алган. Кырсык Кербен - Үч-Коргон жолунда болуп, 19 жаштагы бала башкарып бараткан унаа жардан кулаган.

Жараат алгандар Шамалды-Сай шаарчасындагы ооруканага жеткирилген. Учурда алардын экөөнүн абалы орто оор деп бааланып, бирине операция жасалган.

"Бизге алты бала келип түшкөн. Унаанын айдоочусу амбулатордук жардам алып кеткен. Дагы биринин абалы жакшырып, үйүнө чыкты. Учурда төрт кыз ооруканада жатат. Алардын баарынын баш-мээси чайкалып, буту, бели жана моюн сөөктөрү сынган. Дагы бирине операция жасалат. Экөөсүнүн абалы орто оор. Калган эки бүтүрүүчүнүн мойну менен белин сынган болушу мүмкүн деп текшерилип жатат”, - дейт Шамалды-Сай шаарчасынын ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы Үсөн Алишов.

Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн 22-июнда бүтүрүү кечелерин уюштурууга тыюу салган. Быйыл Жалал-Абад облусу боюнча 11-классты 11 мин 242 окуучу аяктады. (JsA\TB)

XS
SM
MD
LG