Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:53

Финляндия Орусия кол салса, согушууга даяр экенин билдирди


Финляндиянын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери. Иллюстрациялык сүрөт.
Финляндиянын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Финляндиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы, генерал Тимо Кивинен эгер Орусия аларга кол салса фин армиясы ага жооп берүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал Reuters агенттигине курган маегинде айтты.

Анын сөзүнө караганда, Финляндия он жылдар бою азыр Украинада болуп жаткандай согуштун ыктымалдуулугун жокко чыгарбай, машыгууларды өткөрүп келген.

Кивинен өлкө НАТОго кошулган күндө да, эгер Орусия менен согуш башталып кетсе негизги каршылыкты баары бир Финляндия өзү көрсөтүүгө туура келерин белгиледи. Буга улай аларда кайсы бир агрессордун мизин кайтарууга жөндөмдүү курал-жарак бар экенин кошумчалады.

“Орусия Украинаны чайнай албай калды, анткени ал өтө катуу экенин көрсөттү. Финляндия да ошондой болот”, - деди ал.

Генерал Финляндия өз коргонуусун пландуу түрдө чыңдап жатканын, ушул мезгилге чейин канаттуу ракеталарды алганын, төрт аскердик кемеге буйрутма бергенин, 64 кыйратуучу учак алганын айтты. Ал ошондой эле өлкө эки миңдей учкучсуз учак, абадан коргонуучу аппараттарды сатып алууну жана Орусия менен чек арасында дубал курууну көздөп жатканын тактады.

20-кылымдын 1940-жылдарында Финляндия СССР менен эки жолу согушкан. 1939–1940-жылдардагы кышкы согушта Советтер союзу бул өлкөнүн бештен бир бөлүгүн басып алган, Финляндия келишим менен көз карандысыздыгын сактап калган. Тараптар кийин Экинчи дүйнөлүк согуштун тушунда дагы кармашкан. Бул согуштардын натыйжасында 100 миңдей фин курман болгон.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Финляндия нейтралдуу мамлекет болуп калган жана акыркы учурга чейин ушундай макамын сактап келген. Орусия Украинага кол салгандан кийин Финляндия Швеция менен чогуу НАТОго кошулуу үчүн арыз берди. Учурда бул боюнча сүйлөшүү иштери уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG