Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:02

Карындашын коргойм деп катуу сабалган баланын окуясын ИИМ көзөмөлүнө алды


Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин имараты.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин имараты.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков карындашын коргойм деп катуу сабалган баланын ишин тергөөнү өз көзөмөлүнө алып, кылмыштын чоо-жайын аныктоону жана дыкат териштирүүнү тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү ("Денеге оор залал келтирүү") менен кылмыш иши козголду.

"22-июнда кошумча комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат" - деп белгиленген маалыматта.

Буга чейин Акыйкатчы институту Нарындын Кызыл-Жылдыз айылында карындашын коргогон баланы бир нече киши катуу сабап кеткенин жана анын укуктары корголбой жатканын айтып, жабырлануучуга кошумча медициналык экспертиза дайындоону талап кылган. Буга байланыштуу токмоктолгон баланын энеси дагы Акыйкатчыга кайрылып, уулу эки айдан ашык убакыттан бери Улуттук госпиталда дарыланып жатканын айткан.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова жана балдар укугун коргоочулар бул иш "Денеге жеңил жаракат келтирүү" беренеси менен катталганын сындап чыгышкан.(КЕ)

XS
SM
MD
LG