Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:39

Ахмедова: "Кумтөрдүн" акчасы негизсиз коротулганы жөнүндө сөздөр негизсиз


Тенгиз Бөлтүрүк.
Тенгиз Бөлтүрүк.

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин басма сөз катчысы Назира Ахмедова Кумтөр кенинен түшкөн каражат "негизсиз пайдаланып жатат" деген сөздөрдү четке какты. Ал "Азаттыкка" комментарий берип жатып "Бул жерде "Кумтөрдүн" кызматкерлери бар, финансы, юрдика бөлүмдөрү бар, директору бар. Эч ким ал жактан акча алып, өз кызыкчылыгына пайдаланганбайт", деди.

Буга чейин Жогорку Кеңеште "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан депутат Жеңишбек Токторбаев Кумтөр кенин башкарган “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинги кымбат баадагы кеңсени ижарага алганын айтып, буга байланыштуу аталган компаниянын башчысы Тенгиз Бөлтүрүктү сындап чыккан. Анда кенден түшкөн каражат сарамжалсыз пайдаланып жатат деген доомат айткан.

Апта башында президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчылары менен кеңешпей туруп жаңы кеңсеге көчкөнүнө байланыштуу Бөлтүрүккө эскертүү берилгенин билдирген.

“Кумтөр Голд Компани” ишканасы мамлекетке караштуу "Учкун" ишканасынан чыгып, шаардын чок ортосундагы кымбат баалуу жеке менчик кеңсеге көчкөнү өткөн аптада белгилүү болгон.

"Улуу көчмөндөр мурасы" муну буга чейинки имараттагы шарттын начардыгы жана кызматкерлердин батпай калганы менен түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG