Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:22

Президент Жапаров жергиликтүү бийликтердин ишин сынга алды


Садыр Жапаров аймактарды өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү. 23-июнь, 2022
Садыр Жапаров аймактарды өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү. 23-июнь, 2022

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, өкмөт мүчөлөрү, президенттин облустагы өкүлдөрү менен бирге аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүшү боюнча кеңешме өткөрдү.

Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, кеңешмеде аймактардын алдында турган тапшырмалар менен жакынкы мезгилдеги пландар, ылдам чечүүнү талап калган көйгөйлүү маселелер талкууланды.

Мамлекет башчы аткаруу тартиби аксап жатканын, конкреттүү багыттар боюнча облустагы өкүлдөр, район акимдери менен айыл өкмөт башчыларынын айрым иштери чабал болуп жатканына токтолгон.

Мындан сырткары Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду менен тыгыз өз ара аракеттенүү маселесине көңүл буруп, борбордук бийликтин чечимдеринин аткарылышына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

2018-жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү, 2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү, ал эми 2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы деп жарыяланган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG