Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:47

Финансы министрлиги 1100дөн ашуун ишкер жеңилдетилген насыя алганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйыл 10-июнга чейин 1 миң 164 ишкер үстөксүз насыя алды. Анын суммасы 390,9 млн сомду түзгөнүн Финансы министрлигинин басма сөз кызматы 22-июнда кабарлады. Насыя алгандардын көбү соода жана тейлөө тармагында иштегендер.

Министрлик каалаган ишкерлер жеке жана каржы секторун өзгөчө кырдаалда колдоо долбооруна катышкан коммерциялык банктар аркылуу каржылык жардам алса болорун билдирди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева парламент жыйынында Дүйнөлүк банктан берилген каражат үстөк пайызсыз шартта калкка толугу менен берилбегенин айтып чыккан. Ал 500 млн. сом 11 банк аркылуу жарандарга үстөгү жок насыя катары берилмей болгонун, төрт банк "эл алган жок" деген жүйө менен бул акчанын 23 пайызын Каржы министрлигине кайтарып бергенин билдирген.

Кыргызстандын жер-жерлеринде өкмөт убада кылган пайызы төмөн насыялар аз берилип жатканына нааразылыктар айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG