Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:02

Milliyet: Стамбулда Орусиянын, Украинанын жана БУУнун өкүлдөрү жолугат


Орусия менен Украинанын делегациялары Стамбулдагы мурдагы сүйлөшүүсү. 29-март, 2022-жыл.
Орусия менен Украинанын делегациялары Стамбулдагы мурдагы сүйлөшүүсү. 29-март, 2022-жыл.

Келерки аптада Стамбулда Орусиянын, Украинанын, Түркиянын жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өкүлдөрү жолугуп, украин жергесинен дан азыктарын чыгарып кетүү маселесин талкуулашат. Бул тууралуу түркиялык Milliyet гезити түрк президентинин айланасындагы булактарга таянуу менен кабарлады.

Сүйлөшүү топторунун курамы азырынча белгисиз. Басылма жолугушууга Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш катышуусу мүмкүн экенин билдирүүдө.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украинадан дан азыктарын чыгаруу маселеси боюнча Түркия менен байланыш болуп жатканын ырастап, сүйлөшүүлөр Коргоо министрлигин линиясы менен жүрөрүн ортого салды.

БУУнун маалымат кызматы да конкреттүү датаны айта элек. Украин тарап да кырдаалды толук комментарийлеген жок. Киев буга чейин Москва украин портторун ачуу менен Одессага кайрадан чабуул жасап жибериши мүмкүн деп чочулап келген.

Украина дан азыктарын экспорттоодо дүйнөдө төртүнчү орунда турат. 2021-жылы бул өлкө дээрлик 45 миллион тонна дан азыктарын жана буурчак азыктарын башкаларга саткан.

Учурда Украинада 22 миллион тоннадай дан азыктары Орусия Кара деңизди бөгөттөп турганы үчүн сыртка чыгарылбай турат. БУУнун өкүлү Маурицио Мартина мурдараак Орусиянын Украинага кол салуусу ачка калган адамдардын саны мурдагыдан 18 миллионго көбөйтүп, 218 миллионго жеткирерин эскерткен.

Орусия менен Украинанын делегациялары Түркиянын ортомчулугу менен 29-мартта да Стамбулда сүйлөшүү өткөрүшкөн. Анда да түрк президенти президенти Режеп Тайып Эрдоган сөз сүйлөгөн болчу. (ErN)

XS
SM
MD
LG