Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:30

Аба ырайы: бийик тоолуу аймактарга кар түшөт


Кыргызстан.
Кыргызстан.

"Кыргызгидромет" кабарлагандай, 23-июнда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15...20, күндүз 24...29,

Талас облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 23...28,

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 16...21, күндүз 26...31,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 24...29,

Нарындын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 1...6, күндүз 8...13°.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19°, күндүз 27…29 градуска жетет. (JsA)

XS
SM
MD
LG