Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:03

ЖК Cот адилеттиги иштери кеңешине сунушталган талапкерлерди тандады


Жогорку Кеңештин имараты.
Жогорку Кеңештин имараты.

Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйынында Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамын бекитүү маселеси каралып, жашыруун добуш берүү аркылуу талапкерлер тандалды.

Ага ылайык, бул кеңештин курамына Жогорку Кеңештин депутаты Русланбек Жакышов, Чүй облусундагы адвокатуранын юристи Бакыт Кыдыралиев, Улуттук университеттин Юридика факультетинин кафедра башчысы Эрлан Базарбай уулу, Жогорку соттун судьялары Шералы Камчибеков, Нургүл Асанова, Аида Сейдакматова, Свердлов райондук соттун судьясы Азис Эшалиев, Октябрь райондук соттун судьясы Элмира Барыктабасова, Ленин райондук соттун судьясы Дамира Сагынбекова, Ош шаардык соттун судьясы Марат Акбердиев, Бишкек шаардык соттун судьясы Айвар Кубатов тандалды.

Былтыр майда күчүнө кирген Баш мыйзамга ылайык, судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу маселесин Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш карайт жана анын курамы 12 адамдан турат, төрагасы менен сегиз мүчөсү судьялардан куралат. Ага чейин бул орган Соттор кеңеши деп аталып келген.

Президент Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тууралуу конститициялык мыйзамга былтыр ноябрда кол койгон.

XS
SM
MD
LG