Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:46

Акыйкатчы президент менен жолугушууда кайрылмандар маселесин көтөрдү


Президент Садыр Жапаров акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кабыл алды.
Президент Садыр Жапаров акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кабыл алды.

Президент Садыр Жапаров 21-июнда акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кабыл алды. Расмий маалыматка ылайык, анда адам укугу жана эркиндигин коргоонун актуалдуу маселелери, Акыйкатчы институтунун ишин жакшыртуу чаралары талкууланды.

"Акыйкатчы президентке көп жылдан бери адилеттикке жетпей жүргөн жарандар, жамааттык иштер тууралуу маалымат берди. Ал адам укуктары бузулган конкреттүү учурларга токтолуп, кайрылмандарга документ берүү, аларды коомго аралаштыруу жана мамлекеттик колдоо көрсөтүүдө ыйгарым укуктуу органдардын иши жетишсиз экенин белгиледи. Абдрахматова бул институттун түптөлгөнүнө быйыл 20 жыл болорун, Бириккен Улуттар Уюмунун сунуштамаларына ылайык акыйкатчынын макамына байланыштуу жаңы конституциялык мыйзамдын кабыл алынышы каралып жатканын белгиледи. Садыр Жапаров жарандардын көйгөйлөрү жеринен так, өз учурунда мыйзамдуу чечилишин бардык мамлекеттик түзүмдөрдөн талап кылынганын баса белгиледи",-деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Буга чейин кыргыз өкмөтүнүн Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборун Акыйкатчы институтуна кошуу демилгеси талкуу жараткан. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов эки органды бириктирүү өкмөттүн позициясы экенин айтып, жакында сунуш берилерин билдирген.

Кыйноолорго каршы улуттук борбордун башчысы Бакыт Рысбеков буга макул эместигин айткан.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгынын Борбор Азия аймактык кеңсеси кыргыз өкмөтүнүн соңку демилгесине тынчсыздануу билдирген.

Юрист, 41 жаштагы Атыр Абдрахматова бул кызматка өткөн айдын башында шайланган.

XS
SM
MD
LG