Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Депутат "Айыл Банктан" максатсыз насыя алгандардын ысымын жарыялоону сунуштады


Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйынында депутат Дастан Бекешов Улуттук Банкка "Айыл Банктан" максатсыз насыя алгандардын атын жарыялоону сунуштады. Депутат бул маалымат 18-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында каза болгон "Айыл Банктын" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев асылган абалда табылышына таасир этиши мүмкүндүгүн айтты.

“Президент Садыр Жапаров мурдараак "Айыл Банктагы" насыялар боюнча документтерди атайын кызматка берип, максатсыз берилген учурларды териштирүүнү тапшырган. Биз да ошол насыяларды алган адамдын ким экенин билели. Анткени Бакыт Асанбаевдин асынып алышына же башкалардын асып коюшуна таасири болуп-болбогону боюнча суроо жаралып жатат”, - деди Дастан Бекешов.

Улуттук Банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов азырынча бул иш боюнча тергөө жүрүп жаткандыктан маалымат берилбей турганын билдирди.

"Айыл Банк" ачык акционердик коомунун төрагасынын мурдагы орун басары, 44 жаштагы Бакыт Асанбаев 18-июнда түнкү саат бирге жакын атайын кызматтын тергөө абагында асынып турган абалда табылганы кабарланган. УКМКнын маалыматында ал коррупцияга шек саналып 30-апрелде камакка алынган.

Президент Садыр Жапаров ушул эле күнү кечке жуук саясат таануучу Марат Казакпаев менен Бакыт Асанбаевдин өлүмүн бейтарап изилдөө үчүн комиссия түзгөн. (JsA)

XS
SM
MD
LG