Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:44

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Мекке шаарына жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы (муфтият) зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Арабиянын Мекке шаарындагы Дувар Кудей районундагы мейманканаларга жайгаштырылганын билдирди. Ажылыкты уюштуруу штабынын башчысы Абибилла Кадырбердиев аларды Аль-Харам мечитине автобус менен ташууну уюштуруу тууралуу тиешелүү жергиликтүү жетекчилер менен сүйлөшкөнүн кабарлады.

Кыргызстандык зыяратчылардын пандемиядан берки алгачкы ажылык сапары 16-июнда башталган. Ажылык сапарга барчуларды каттоо 11-майда жыйынтыкталып, бардык квота берилип бүткөн.

Быйыл Кыргызстандын жарандарына ажылыкка барууга 2766 квота бөлүнгөн. Коронавирус пандемиясына байланыштуу Сауд Арабиясы 2020-жылы ажылык зыяратты убактылуу токтоткондон бери кыргызстандыктар ага бара элек болчу. Ал жылы Кыргызстанга 6110 квота бөлүнгөн, сапардын баасы 3350 доллар эле. Быйыл ажылык сапардын акысы 4500 доллар деп бекитилди.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Кыргызстандан ажылыкка барам дегендерден эки жыл мурда топтолгон 636 миң доллардын дайыны чыкпай жатканын билдирген.

Кыргызстанда буга чейин ажалык сапарды уюштуруп өткөрүү жана топтолгон каражатка байланыштуу чуулуу окуялар катталган.

XS
SM
MD
LG