Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:40

Садыр Жапаров акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кабыл алды


Президент Садыр Жапаров акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кабыл алды.
Президент Садыр Жапаров акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кабыл алды.

Президент менен жолукканы тууралуу Атыр Абдрахматова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анда “Адам укуктарын коргоо талаптарын, иш-аракеттерди сүйлөшкөнгө жетиштик. Акыйкатчынын макамын, эл аралык иштөө принциптерди туура түшүнүп, калыс, негиздүү иштин сакталышы маанилүү экенин баса белгилегени албетте шыктандырат”, - деп жазды.

Президенттин басма сөз кызматы жолугушуу тууралуу азырынча маалымат тарата элек.

Буга чейин кыргыз өкмөтүнүн Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборун Акыйкатчы институтуна кошуу демилгеси талкуу жараткан. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов эки органды бириктирүү өкмөттүн позициясы экенин айтып, жакында сунуш берилерин билдирген.

Кыйноолорго каршы улуттук борбордун башчысы Бакыт Рысбеков буга макул эместигин айткан.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгынын Борбор Азия аймактык кеңсеси кыргыз өкмөтүнүн соңку демилгесине тынчсыздануу билдирген.

Юрист, 41 жаштагы Атыр Абдрахматова бул кызматка өткөн айдын башында шайланган.

XS
SM
MD
LG