Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:52

Орусия товарларды өндүрүүчүнүн уруксатысыз ташып келүүгө уруксат берди


Орусиядагы дүкөндөрдүн бириндеги үй-тиричилик техникалары. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядагы дүкөндөрдүн бириндеги үй-тиричилик техникалары. Иллюстрациялык сүрөт.

21-июнда Орусиянын Мамлекеттик Думасы орус компанияларына товарларды өндүрүүчүнүн же ташууга укуктуу компаниянын уруксатысыз импорттоого мүмкүнчүлүк берген мыйзам кабыл алды. Параллелдүү импортко жол берген документ экинчи-үчүнчү окууда дароо жактырылды.

Мыйзам Өндүрүш жана соода министрлиги майдын башында бекиткен товарлардын категориясына гана жайылтылат. Буга автомобилдер жана алардын тетиктери, смартфондор жана тиричилик техникалары, башка техникалар кирет.

Товарларды өндүрүүчү компаниялар адатта башка өлкөлөрдө өзүнүн филиалдарын ачып, же расмий дистрибьюторлорду жалдоо менен өз продуктусун ошол жакка жеткирет. Башка компаниялар алардын товарларын ташып келүүгө укугу жок болот, же атайын уруксат кагазы менен ташып келиши керек.

Параллелдүү импортто товарды жеткирүүчү компанияларга өндүрүүчүнүн сатууга макулдук берген уруксат документтери жок эле Орусияда ташып келүүсүнө уруксат берет. Мында логистика жана башка нерселер оорлошу мүмкүн, товар жараксыз чыгып калса, аны кайтарып берүүгө мүмкүн эмес болот. Оңдоо жана алмаштыруу иштери өндүрүүчүнүн эсебинен эмес, жеткирүүчүнүн эсебинен жүргүзүлүшү мүмкүн.

Москва Украинага кол салгандан кийин чет элдик компаниялардын көпчүлүгү Орусияда убактылуу же биротоло ишин токтотконун жарыялаган. Америкалык Йель университетинин маалыматына караганда, февралдан бери миңден ашуун чет өлкөлүк ишканалар Орусиядан чыгып кетти. (ErN)

XS
SM
MD
LG